USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Борбор калаадагы № 23 мектеп-гимназиясы оңдоого жабылганы жатат

17:51, 30 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарындагы И.В. Гёте атындагы № 23 мектеп-гимназиясы күзгү каникулдан кийин капиталдык ремонтко жабылат. Бул тууралуу 24.kg басылмасына аталган окуу жайдын окуучуларынын ата-энелери билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуучулар Свердлов районундагы үч мектепке бөлүштүрүлөт. Өз кезегинде борбор калаанын билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы 24.kg басылмасына бул мектептин айрым блоктору боюнча сейсмикалык институттун корутундусу бар экенин жана оңдоо иштерин жүргүзүү керектигин түшүндүрдү.

Муниципалитет учурда КР мыйзамдарына ылайык иштер жүрүп жатканын белгиледи. Иштин мөөнөтү жана окуучуларды кийинчерээк бөлүштүрүү шарттары тууралуу кеңири маалымат берүүнү убадалашты.

Окуучулардын ата-энелери мектепти оңдоо иштерин жайкы каникулда эмес, окуу жылында жүргүзүүнү чечкенине нааразы. Мындан тышкары, алар окуучулардын өздөрүнө да ыңгайсыздыктарын билдиришкен, анткени алар дайындала турган мектепке барыш керек. Ал эми кээ бир үй-бүлөлөрдө бир нече бала бар жана аларды ар кайсы окуу жайларына жеткирүүгө туура келет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18