USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда беш генерал наамынан ажыратылды. Аларга мыйзамсыз берилген

15:18, 29 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Президент Ички иштер министрлиги менен УКМКнын мурдагы беш кызматкерин генералдык наамынан ажыратты. Тиешелүү буйрукка 2024-жылдын 10-октябрында Садыр Жапаров кол койгон.

 Ошентип, генерал наамынын ажыратылгандар:

 Алмазбек Орозалиев милициянын генерал-майору наамынан ажыратылды;

 

Алмазбек Орозалиев - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин мурдагы орун басары

Мирлан Каниметов милициянын генерал-майору наамынан ажыратылды;

Мирлан Каниметов - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин мурдагы орун басары

Малик Нурдинов милициянын генерал-майору наамынан ажыратылды;

Малик Нурдинов - Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы

 Талантбек Салиев генерал-майор наамынан ажыратылды;

Талантбек Салиев - УКМКнын тогузунчу кызматынын (күзөт кызматы) мурдагы жетекчиси

 Санжарбек Эркинбаев генерал-майор наамынан ажыратылды.

Убагында Ички иштер министрлигинде жана УКМКда кызматтарды аркалаган бул аткаминерлердин наамдарынан ажыратылышы алардын мыйзамсыз дайындалышы менен байланыштуу. Ал буйруктар жокко чыгарылат.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18