USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргыз балбаны Асан Жанышов күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медаль утту

15:22, 24 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык Асан Жанышов Албанияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирди.

Асан Жанышов дүйнө чемпионатта коло медаль утту

Кыргызстандык спортчу 87 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.

1/16 финалда венесуэлалык балбан Брайан Руис Маринди 10:1 эсебинде жеңсе, 1/8 финалда Армениядан келген атаандашы Виген Назарянды 6:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты.

Чейрек финалда Асан Жанышов украиналык балбан Владислав Дягилевду 6:0 эсебинде жеңип, жарым финалда орусиялык Ауес Гонибошко менен беттешип, жеңилип калды.

Коло үчүн күрөштө кыргызстандык америкалык Пэйтон Джейкобсонду жеңип алды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18