USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Светлана Аширова Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды

09:22, 24 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Светлана (Асланайым) Аширова дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы дайындалган директорду цирктин эмгек жамааты жана чыгармачыл жамааты менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов тааныштырды.

Цирктин мурдагы директору Рыскул Боромбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду.

Светлана (Асланайым) Аширова бүгүнкү күнгө чейин цирктин көркөм жетекчиси болуп иштеген.

Белгилей кетсек, циркти реконструкциялоо иштери аяктап жатат. Ноябрь айында ачылышы убада кылынган. Капиталдык оңдоо иштери Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен 2023-жылдын июль айындагы пландан тышкаркы иш сапарынан кийин башталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18