USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

09:16, 24 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 24-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «ХБО» суу алгычын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Анкара — Горький көчөсү, Аламүдүн дарыясы, темир жол линиясы жана Октябрь көчөсү менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18