USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

U-23: Балбан Раззак Бейшекеев күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты

14:06, 22 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында финалга чыкты. Тиранада (Албания) 23 жашка чейинки спортчулар арасында турнир өтүүдө.

Биздин спортчу грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 67 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда. Ал 1/16 финалдык баскычтан баштап, Албаниядан келген атаандашынан күчтүү болуп чыкты. Андан соң Азербайжан курамасынын балбаны менен Япониянын балбанын жеңип алды.

Финалга чыгуу үчүн күрөштө Раззак Бейшекеев польшалык спортчудан күчтүүрөөк болду.

Финалда кыргызстандык Грузиядан келген спортчу менен беттешет. Беттеш бүгүн кечинде Бишкек убактысы боюнча 22:00дө болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18