USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн Бишкектин эки конушунда муздак суу болбойт

09:09, 22 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 22-октябрда Бишкектин эки конушунда муздак суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өчүрүү «Ала-Тоо» жаңы конушундагы суу алгычтагы жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Саат 9.00дөн 20.00гө чейин «Ала-Тоо 1» жана «Ала-Тоо 2» конуштарында суу болбойт.

«Бишкексууканал» мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18