USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чикаго шаарында 40 миңден ашуун кыргызстандык жашайт

18:26, 21 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бейрасмий маалыматтар боюнча Чикагонун консулдук округунда 40 миңден ашуун кыргызстандык жашайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Чикагодогу башкы консулу Болотбек Борбиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн консулдук округуна АКШнын 31 штаты кирет: Айдахо, Айова, Аризона, Арканзас, Вайоминг, Вашингтон, Висконсин, Гавайи, Иллинойс, Индиана, Калифорния, Канзас, Кентукки, Колорадо, Луизиана, Миннесота, Миссисипи, Миссури, Мичиган, Монтана, Небраска, Невада, Нью-Мексико, Огайо, Оклахома, Орегон, Түндүк Дакота, Теннесси, Техас, Түштүк Дакота жана Юта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18