USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектин борборунда кафеде өрт чыкты

10:04, 14 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 14-октябрда саат 8:32 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 102 кызматына Тоголока Молдо жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде кафе күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу борбор калаанын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Аталган факт Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына катталган. Окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу барышкан. Милиция аймакты курчоого алды. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

 

 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18