USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Келерки жылы Кыргызстанда ИДПнын өсүшү 6 пайызды түзөрү күтүлүүдө

12:27, 11 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Келерки жылы ИДПнын өсүшү 6 пайызды түзөрү күтүлүүдө. Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин «Элдик» жана «Альянс» фракцияларынын биргелешкен жыйынында 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга республикалык бюджеттин долбоорлору каралууда.

Каржы министрлиги 2026-жылы ИДПнын өсүшү 4,7 пайызды, 2027-жылы 6,3 пайызды түзөрүн пландаштырып жатат.

Келерки жылы экономиканын өсүшү, ведомствонун болжолу боюнча курулушта 10,3 пайызга, өнөр жай тармагында 7 пайызга, кызмат көрсөтүүдө 5,2 пайызга, айыл чарбасында 2,8 пайызга өндүрүш көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18