USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Дүйнө чемпионатынын тандоо: Кыргызстандык футболчулар Катарга утулуп калды

08:58, 11 октября 2024, Бишкек - 24.kg

2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын Азия чөлкөмү боюнча тандоо этабынын 3-турунун алкагында Катар менен Кыргызстандын курама командаларынын беттешиаяктады.

Кыргызстандын командасы 1:3 эсебинде утулуп калды.

Атаандаштардын дарбазасына жалгыз голду 76-мүнөттө Алимардон Шүкүров киргизди.

Эки оюндун жыйынтыгында Кыргызстан эки жеңилүү менен «А» тайпасында акыркы орунга чыкты. Алгачкы эки команда 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык бөлүгүнө жолдомо алышат. Үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлегендер төртүнчү турда дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алуу үчүн күрөштү улантат.

Эске сала кетсек, 15-октябрда Кыргыз курама командасы өз талаасында Түндүк Корея менен Бишкекте беттешет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18