USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандык балбан Чынарбек Изабеков дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды

15:45, 10 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Хорватияда өтүп жаткан ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчу Чынарбек Изабеков күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу КРнын спорттун бул түрү боюнча федерация социалдык тармактарда билдирди.
Маалыматка ылайык, 100 килограммга чейинки салмак ченинде 1/8 финалда Монголиядан келген спортчуну 32 секундда далысына кадады. Андан ары ал Греция менен Латвиянын өкүлдөрүнөн күчтүү болду. Финалда Чынарбек Изабекова нейтралдуу желек астында күч сынашып, Александр Руминге утулуп калды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18