USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын олимпиадачылары сыйлыктардан киреше салыгын төлөөдөн бошотулду

09:25, 08 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинети Кыргызстандын олимпиадалык спорттук курама командаларынын мүчөлөрүн сыйлыктардан киреше салыгын төлөөдөн бошотуу чечимин кабыл алды. Алар ошондой эле бонустардан камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөйт.

Демилгечилер түшүндүргөндөй, мындай чечим президент Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасында футболду мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган жана ата мекендик спортту өнүктүрүүгө арналган берүүлөр, анын ичинде импорт жана товарларга сатуудан алынуучу салык КНСтен бошотулат.

«Министрлер кабинети ири спорттук инфраструктура объектилерин курууну жана реконструкциялоону салыктан бошотууга укуктуу», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, буга чейин КРнын олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү 500 миң сомдон 10 миллионго чейинки акчалай сыйлыктарга жана автоунааларга ээ болушкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18