USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жогорку Сот 11 жаштагы баланы зордуктоо боюнча өкүм чыгарды

18:04, 03 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Сокулукта 11 жаштагы баланы зордуктоо боюнча айыпталуучуга өкүм чыкты. Бул тууралуу КР Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-октябрда Жогорку сот Сокулук райондук жана Чүй облустук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Биринчи инстанциядагы сот А.О.А. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин «Адепсиз жоруктар» жана 180-беренесинин 3-бөлүгү «Жашы жете элек адамды кылмыш жасоого тартуу» менен күнөөлүү болгон. Айыпталуучу 8 жылга эркинен ажыратуу менен жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөө өкүмүн чыгарган. Бирок ага мунапыс жарыяланып, анын өтө элек жаза мөөнөтү үчтөн бирине кыскартылды.

Эске салсак, 2023-жылдын март айында Чүй облусунун Сокулук районунун Ылдыйкычүй айылында 11 жаштагы баланы эки жигит бир нече ай бою зордуктап жүргөнү белгилүү болгон. Кылмыш 2021-жылы жасалган.

Бул тууралуу билген баланын ата-энеси Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Бирок ал жердеги улгайган ата-энелер каршы арыз жазууга ынанышып, иш токтотулган. Баланын атасы 81 жашта. Бала асырап алынган.

Экспертиза күч колдонуу фактысын тастыктады. Ошого карабастан иш ачылып, сотко өткөрүлдү.

Экинчи айыпталуучуга карата соттук териштирүүлөр токтотулган, анткени ал кылмыш жасаган учурда 13,5 жашта болчу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18