USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт

09:23, 01 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 1-октябрда Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Северный» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу 1-октябрда саат 9:00дөн 02:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта жана аталган конуштарда суу болбойт:

— Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельская көчөсү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспекти, Жаш Гвардия, ЧЧК, Саадаев көчөсү.

Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын-Бешик жана Салам Алик конуштары.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18