USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 10 бала бакча куруп берет

18:32, 30 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга өлкө боюнча 10 муниципалдык бала бакчанын курулушуна 2 миллион доллар грант бөлөт. Тиешелүү макулдашууну Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин депутаттары жактырды.

Депутат Дастан Бекешев 24.kg басылмасына бул грант 25 миллион доллар насыя менен бирге бөлүнөөрүн жана 40 айыл өкмөтүндөгү ар кандай социалдык долбоорлорго жумшалаарын билдирди.

Анын айтымында, долбоорлордун ар бирине 450 миңден доллар бөлүнөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18