USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Подрядчылар менен мамлекеттик органдардын ортосунда коррупцияны токтотуу айтылды

14:23, 30 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Эрулан Кокулов подрядчылар менен мамлекеттик текшерүү органдарынын ортосундагы коррупцияны токтотууну суранды.

Анын айтымында, подряддык уюмдар мамлекеттик кызматкерлердин пара алуу фактылары боюнча ар дайым даттанышат.

«Подрядчылар сапаттуу объектилерди курууга даяр экенин айтышууда. Бирок текшерүү үчүн көзөмөл органдарына акча төлөш керек, анан алар, мисалы, колдонулган түтүктөрдү сатып алып, орнотууга туура келет. Коррупция жоюлмайынча мен бул тууралуу айта берем. Селер баарын көрүп турасыңар. Балдар, мамлекеттин келечеги үчүн уурулукту токтоткула да. Бул маселелерди мен бул жерде, Жогорку Кеңеште көтөрө берем», — деди Эрулан Кокулов.

Ал белгилегендей, ар бир министрликте коррупция бар, муну чиновниктер өздөрү гана токтото алат

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18