USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстан алыскы аймактардагы мектеп окуучулары үчүн 50 кичи автобус алат

12:43, 30 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Россиянын «Евразия» уюму Кыргызстанга 50 жаңы мектепке ылайык кичи автобустарын белекке берет. Бул тууралуу Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Алена Аршинова бүгүн, 30-сентябрда маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мектеп транспорту өлкөнүн алыскы аймактарындагы билим берүү мекемелерине жөнөтүлөт.

Маршруттук таксилерди берүү мамлекеттер ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыктын алкагында ишке ашат. Бул жол жетпеген аймактардагы мектеп окуучулары үчүн шарттарды жакшыртууга жардам берет.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасы жогоруда аталган уюмдан 50 автоунаа алган. Ошентип, өткөрүлүп берилген унаалардын жалпы саны 100 бирдикти түзөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18