USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Тизме

09:18, 24 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык,, «Көк-Жар» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн, 24-сентябрда саат 09:00дөн 21:00гө Бишкектин төмөнкү көчөлөрү менен чектелген аймагында суу берүү токтотулат:

— темир жол линиясы — Фрунзе көчөсү — Аламүдүн суусу — Панфилов көчөсү;

— темир жол линиясы — Матросов көчөсү — Горький көчөсү — Гвардейский көчөсү- Бектенов көчөсү -Скрябин көчөсү — Мавлянов көчөсү — 7-Апрель көчөсү.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18