USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү соттолгон адамдан 1 млн сом талап кылышкан

10:06, 23 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Өлкөдөгү түзөтүү мекемелеринин биринде уюшкан кылмыштуу топтун мурдагы мүчөлөрү Камчы Көлбаевден опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталганын ИИМдин басма сөз кызматы 24.kg басылмасына билдирди.

Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери атайын кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте дагы бир соттолуучудан коркутуу жолу менен 1 миллион сом талап кылган камактагылардын кылмыштуу аракеттерин токтотушту. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренеси боюнча иш козголду.

Ал эми соттолгон экөөнө кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шериктештерин аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18