USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Эмки жылы өлкөнүн экономикасынын өсүшү 6 пайыз деп болжолдонууда

16:45, 18 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 2025-жылы экономикалык өсүш 6 пайыз деп болжолдонууда. Мындай маалыматты келерки жылдын республикалык бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларда Экономика жана коммерция министрлигинин макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Абдекиров билдирди.

Анын айтымында, эң көп өсүш курулушта (10,3 пайызга) жана кызмат көрсөтүү тармагында (5,2 пайызга) күтүлүүдө.

2024-жылдын аягына чейин тейлөө тармагы 6,1 пайызга өсөт деп күтүлүүдө. Аткаминердин айтымында, экономиканын бул сегментинде динамика оң.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18