USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Баласагун шаары калыбына келтирилет. Маданият министрдиги инвестор издеп жатат

13:20, 18 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Маданият министрлиги байыркы Баласагуна шаарын калыбына келтирүү үчүн жер жана инвестор издеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында министр Алтынбек Максүтов билдирди.

Анын айтымында, Маданият министрлиги президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте байыркы шаарды калыбына келтирүү үчүн 10 гектар жер издеп жатат.

«Биз Баласагуна шаары үчүн 3D долбоорун иштеп чыктык. Самарканд менен Бухарадан да кооз болуп чыкты. Жер, каржы маселесин чечип жатабыз», — деди Алтынбек Максүтов.

Ал кошумчалагандай, министрлик Кытай менен биргеликте Токмак шаарында кытай акыны Ли Бо (Ли Бай) атындагы тарыхый-туристтик борбор түзүү боюнча иш алып барууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18