USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкек авиация институтунда бомба изделүүдө

10:12, 17 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкек авиация институтунда бомба издеп жатышат. Бул тууралуу 24.kg басылмасына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.

Алардын айтымында, жардыруучу зат бар деген маалымат бүгүн эртең менен келип түшкөн.

Бул маалыматты Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады. Аталган факты маалыматтык журналга катталып, окуя болгон жерге кинологдор жана атайын кызматтар менен биргеликте тергөө-ыкчам тобу барышкан. Билим берүү мекемесинин аймагы курчоого алынган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18