USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда эттин баасы турукташа баштады

13:43, 16 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда этке болгон баа турукташа баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда эттин дүң баасы облустар жана соода түйүнүнө жараша 480 сом жана андан жогору болууда.

«Акыркы күндөрү базар, соода түйүндөрүндө этке болгон баа кымбаттаган. Буга байланышту Ветеринардык кызмат ыкчам чараларды алып барып, анын жыйынтыгында учурда базарларда этке болгон дүң баалар турукташып жатат» , — деп айтылат маалыматта.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жума сайын жүргүзүлгөн баа мониторингинин жыйынтыгында, 2024-жылдын 7-августунан 5-сентябрына чейин кой этинин орточо баасы 2,3%га жогорулаган, бир килограммы 564,7 сомдон 577,5 сомго кымбаттаган.

Уй этинин баасы 5,3%га кымбаттап, 573 сомго чейин көтөрүлдү. Эттин баасы алыскы аймактарда 600 сомго чейин жетти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18