USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Эртең футбол мелдеши учурунда Бишкектин кайсы көчөлөрү жабылат? Тизме

17:54, 09 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Эртең, 10-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүүчү футбол беттеши учурунда Бишкектин айрым көчөлөрү жабыла турганын ИИМдин Патрулдук кызматынын башкармалыгы 24.kg басылмасына билдирди.

Маалыматка ылайы, төмөндөгүлөр жабылат:

Фрунзе көчөсү Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин;

Тоголока Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.

Белгилей кетсек, көчөлөр саат 18.00дөн баштап унаалар үчүн жабылат.

Кошумчалай кетсек, эртең 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Өзбекстандын курама командасы менен беттешет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18