USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Эл аралык кыска метраждуу тасмалардын фестивалы сентябрь айында Нарында өтөт

14:22, 09 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

18-22-сентябрь күндөрү Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында «Көчмөн 2024: Тирүү асман» эл аралык кыска метраждуу тасмалардын фестивалы өтөт. Бул тууралуу «Кыргызтасмасы» мамлекеттик кино борборунун директору Талантбек Төлөбеков социалдык түйүндөр аркылуу билдирди.

Анын айтымында, 39 тасма каттоо күбөлүгүн алган.

«Фестиваль кыргыз киносун өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот. Уюштуруучуларды куттуктайбыз жана катышуучуларга дем каалайбыз!» — деп белгиледи Талантбек Төлөбеков.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18