USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандан малды экспорттоо убактылуу тыюу салынды

11:25, 06 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан ийри мүйүздүү жана жандык малды, жылкыны экспорттоону убактылуу токтотту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «СИОЖ» системасында Айыл чарба жаныбарларын идентификациялоого инвентаризация жүргүзүүгө байланыштуу Ветеринардык кызмат тарабынан үчүнчү өлкөлөрдүн дарегине ийри мүйүздүү жана жандык малдыжана жылкыны экспорттоого уруксат берүү убактылуу токтотту.

Аталган чара өлкөдөгү айыл чарба малдарынын так эсебин камсыз кылууга, ошондой эле ветеринардык жана санитардык нормалардын сакталышына контролду жогорулатууга багытталган. Бул биздин ички республикалык жана эл аралык өнөктөштөрүбүзгө көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Инвентаризация 15-20 күнгө созулат, андан кийин экспортко уруксат берүү процесси улантылат. Ушул мезгилде берилген бардык арыздар инвентардык иш-чаралар аяктагандан кийин дароо артыкчылыктуу тартипте каралат.

Экспортко уруксаттарды берүүнү улантуу жөнүндө кошумча маалымат жарыяланат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18