USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Көчмөндөр оюндары — 2024: Таяк тартыш боюнча кыргыз курамасынын тизмеси

09:06, 05 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

8-13-сентябрь күндөрү Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында таяк тартыш боюнча мелдештер өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан жалпы 8 спортчу өлкө намысын коргойт.

Эркектер арасында:

— 65 кг Уланбек Турганбаев;

— 70 кг Бекмурза Токтошев;

— 80 кг Элдос Айтбаев;

— 90 кг Русланбек Чыныбек улуу;

— 105 кг Келдибек Атайбек уулу.

Кыз-келиндер арасында:

— 55 кг Элзар Абдыкадырова;

— 65 кг Адел Маданбаева;

— 75 кг Назия Майлыбашева;

Курама команда машыктыруучулар Эрмек Курманалиев жана Марат Раматовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18