USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

U20: Кыргызстандык балбан Самаган Ормонов дүйнө чемпионаттында коло медаль утту

13:50, 04 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык Самаган Ормонов Испанияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.

Ал 130 килограммга чейинки салмак ченинде чехиялык спортчуну жеңип, бирок андан соң финалга чыккан ирандык спортчуга жеңилип калды. Ошентип, кыргызстандыкта коло медалга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жубатуучу турнирде Самаган Ормонов азербайжандык Мазаим Марданов менен армениялык Арамайис Харутюнянды жеңип алды.

Эске сала кетсек, 87 килограммга чейинки салмак ченинде дагы бир кыргызстандык Асан Жанышов алтын медаль тагынган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18