USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Акылбек Жапаров жаңы Ак үйдө биринчи кеңешме өткөрдү

12:22, 02 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Президенттик аппараттын «Ынтымак ордо» жаңы имаратында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери, калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган стратегиялык демилгелердин аткарылышы, ошондой эле президенттик аппараттын үстүбүздөгү жумага карата иш планы каралды. талкууланды.

«Президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылышы — жаңылануунун символу. Жаңы имаратта иштөө бул жөн эле жер алмаштыруу эмес, бул мамлекетибиздин тарыхынын жаңы барагы. Элибиздин бакубат жашоосу үчүн жан-дили менен иштөөгө милдеттүүбүз», — деди Акылбек Жапаров.

Жыйынга президенттик аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү видеоконференция аркылуу катышты.

Эскерте кетсек, президенттик аппараттын жана министрлер кабинетинин жаңы имараты 30-августта ачылган. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Ынтымак Ордо» административдик объект гана эмес, чечкиндүүлүктүн архитектуралык символу жана достукка, биримдикке жана өнүгүүгө чакырган символ экенин белгилеген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18