USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Экс-депутат Атазов тай боксу боюнча чемпион болду

18:20, 29 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн 29-августта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Таиландда өтүп жаткан муай-тай (тай боксу) турниринде чемпиондук наамын жеңип алды

Шайлообек Атазовдун башкы атаандашы Таиланддын өкүлү Чиангкван Паномтед болду. Бул кармашта экс-депутат экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңишке жетишкен. Атаандашы экинчи раунддун башында беттешти уланта алган жок, ал бутуна алган соккудан рингде жыгылган.

Ошентип, Атазов IBF Muaythai уюмунун чемпиондук курун жеңип алды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18