USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Экс-депутат Шайлообек Атазов Таиландда өткөн муай-тай турнирине катышууда

10:28, 29 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Бангкокто өтүп жаткан муай-тай боюнча турнирге катышууда. Бул тууралуу IBF Muaythai сайтында маалымдалды.

45 жаштагы Шайлообек Атазовдун башкы атаандашы болуп Таиланддын өкүлү Чиангкван Паномтед болмокчу.

Муай-Тай боюнча Дүйнө чемпиону куру үчүн таймаш бүгүн, 29-августта Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө болот. Турнир өзү муай-тай боюнча эл аралык бокс федерациясынын колдоосу астында өтүп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18