USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Башкы прокуратура 135 миллион сомдук жерди мамлекетке кайтарды

10:29, 27 августа 2024, Бишкек - 24.kg

134 млн 73 миң 600 сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу  КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Башкы көзөмөл органы белгилегендей текшерүүнүн жүрүшүндө Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында жайгашкан «Дан» мамлекеттик ишканасына таандык 375 гектар айыл чарба жери жергиликтүү өз алдынча башкарууга мыйзамсыз өткөрүлүп берилгени аныкталган. 2005-жылы мамлекеттик орган болуп, кийин жеке адамдар тарабынан менчиктештирилген.

Ошентип, Башкы прокуратура тарабынан берилген прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жогоруда аталган жер тилкеси толугу менен мамлекеттин балансына кабыл алынган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18