USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектеги Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү оңдоодон кийин ачылат

18:23, 22 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Эртең, 23-августта Бишкектеги Жибек жолу проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн А.Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы унаа кыймылы үчүн ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул бөлүктө жол оңдоо иштери аяктады. Ал эми кайра Жибек Жолу проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн А.Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабын жабуу пландалып жатат.

Ошондой эле Жибек Жолу проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн А.Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабы да унаа кыймылы үчүн жабылат.

Белгиленгендей, Жибек Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейин бир нече этап менен оңдоодон өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18