USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Дүйнө чемпионаты — U17: Кыргызстандык балбандар күмүш жана коло медаль утту

14:41, 22 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Иорданияда грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты аяктады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз курамасы жалпы эсепте 9-орунда турат.

Кыргызстандык Кутман Калбаев (51 килограммга чейин) финалга чыгып, азербайжандык балбан Туран Дашдамировго утулуп, күмүш медалдын ээси болду.

Ал эми Балбан Бекжан Бейшембаев (45 килограммга чейин) коло байгеге ээ болду.

Калган спортчулар өз салмак категорияларында алдыңкы үчтүккө кире алышкан жок.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18