USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ысык-Көлдөгү сел. Анын кесепеттерин жоюуга 700дөн ашык адам катышууда

10:24, 20 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунда селдин кесепеттерин жоюуга 738 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктан жалпысынан 497 үй, үч социалдык объект, бир бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт жана бир китепкана жабыркаган.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 358 куткаруучу, 7 инженердик техника, 8 мотопомпа чыкты .

Ал эми облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 397 кызматкер жана 33 ХОВО, 16 жүктөгүч, 7 экскаватор, 3 ассенизатор тартылган.

Белгилей кетсек, 19-августта КР ӨКМдин куткаруучулары 25 турак үй, Жарандык коргонуу кызматтары 35 үй, жалпысынан 60 турак жай сел калдыктарынан толук тазаланган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18