USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ош шаарында 95 үй-бүлө кайтарымсыз 100 миң сомдон алышты

18:11, 16 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 16-августта Алымбек датка этно борборунда «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алуучуларды колдоо максатында түзүлгөн «социалдык келишим» долбоорунун алкагында социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөргө ишкердикти баштоо үчүн кайтарымсыз 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сертификаттарды тапшырууга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Жылдыз Полотова катышты.

Иш-чаранын алкагында 2022-2023-жылдарга карата социалдык келишимдин негизинде жардам алган ишкерлердин продукцияларынын жарманкеси уюштурулду.

Белгилей кетсек, аталган долбоор министрлер кабинетинин социалдык келишимдин негизинде жардам көрсөтүү жөнүндө токтому менен ишке ашырылып, үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгып кетүү аракеттерине үндөп, финансылык көз карандысыздыкка көмөк көрсөтүп, жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18