USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Баткен облусунун жетекчилиги 90 жаштагы чоң эне менен кызына үй белекке берди

14:25, 16 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунда 90 жаштагы Таттыбүбү Абилова чоң энеге жаңы үй салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, улгайган чоң эне 54 жаштагы майып кызы менен батирден батирге тентип жүрүүгө аргасыз болгон. Ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев аларга Алты-Адыр айылынан 10 сотых жер бөлүп берип, үй салуу демилгесин көтөргөн.

Демилгени облустагы мекеме-ишканалардын жетекчилери колдоого алышкан. Натыйжада эки айдын ичинде бардык шарты бар үй тургузулду.

Облустук мамлекеттик администрациянын кызматкерлери тиричилик техникаларын сатып беришкен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18