USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ысык-Көлдөгү жайлоодо чагылган түшүп, 60 баш кой өлдү

10:46, 16 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Тоң районунун Кичи-Аңги жайлоосунда чагылган түшүп, 60 баш кой өлдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя бир күн мурун, 15-августта Тоң районунун Коңур-Өлөң айылынын үстүндөгү жайлоодо болгон.

Жайлоодо нөшөрлөп жааган жамгырда чагылган бир короо койго тийип, 60 баш кой өлдү. Чабан жабыркаган эмес.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон жерге техника жете албагандыктан, койлордун өлүктөрүн алып чыгуу үчүн ветеринардык кызматтын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар ал жакка жөнөтүлдү.

Жергиликтүү бийликке жана ветеринардык кызматка атайын комиссия түзүп, окуя болгон жерге барып, сөөктөрдү көмүүнү уюштуруу тапшырмасы берилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18