USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театры Москвада беш спектакль көрсөтөт

12:56, 15 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры Москвада беш спектаклин тартуулайт. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, гастроль 30-августтан 3-сентябрга чейин болоору такталды. Моссовет театрынын сахнасында көрүүчүлөр жаңы спектаклдерди — «Күрөк ханышасы», «Мастер жана Маргарита», «Сүйүү жана көгүчкөндөр», «Баба Шанель» жана «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» спектаклдерин көрүшөт.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн кошумчалагандай, бишкектик театр артисттеринин спектакли Росконцерттин жана Россия Федерациясынын Маданият министрлигинин колдоосу менен «Чоң тур» театр долбоорунун аркасында мүмкүн болду

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18