USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Улуттук банк валюта рыногуна 59,8 млн доллар сатты

09:45, 14 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Улуттук банкы чет элдик валютаны сатуу боюнча интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Маалыматка караганда, валюта рыногуна 59 млн 800 миң АКШ доллары сатылды.

Белгиленгендей, бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 18,5 млн доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 41,3 млн доллар сатылган.

Улуттук банк айдын башында валюта рыногуна 51,6 млн доллар саткан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18