USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чолпон-Атада жана үч айылда сел жүрдү. 17 үйдү суу каптады

09:31, 12 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жүргөн сел 17 үйдү каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чолпон-Атада төрт, Бактуу-Долоноту айылдарында 9, Булан-Сөгөттө бир, Бостериде үч үйдү суу каптаган. Мындан тышкары «Кооператив куруучу» эс алуу шаарчасына баруучу ички чарбалык көпүрө бузулган.

Жеринде 40 куткаруучу жана 3 берди мотопомптор иштеп жатат. Чолпон-Ата шаардык мэриясы бир экскаватор жана жүктөгүч бөлүп берди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18