USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Париж-2024: Кыргызстан медалдардын саны боюнча 55-орунда

10:28, 07 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндарында медалдардын саны боюнча Кыргызстан 55-орунга жайгашты.

Учурда өлкө куржунунда 2 медаль −1 күмүш, 1 коло бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков коло медаль утту.

Медалдардын саны боюнча алдыңкы бештикке АКШ, Кытай, Австралия, Франция, Улуу Британия кирди. 86 медалы менен 1-сапка АКШ жайгашса, 2-орунда 59 медалы менен Кытай, 3-орунда 35 медалы менен Австралия, 4-орунда 48 медалы менен Франция жана 5-орунду 46 медалы Улуу Британия ээледи.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18