USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Париж-2024: Үзүр Жузупбеков чейрек финалга чыкты

16:38, 06 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында кыргыз балбаны Үзүр Жузупбеков чейрек финалга чыкты.

Кыргызстандык спортчу грек-рим күрөшү боюнча 97 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, ага жалпысынан 16 спортчу катышууда.

Кыргызстандык 1/8 финалдан баштап, литвалык Миндаугас Венскайтис менен беттешти. Беттеш 4:1 эсебинде Жузупбековдун пайдасына аяктап, чейрек финалга чыкты.

Анын кийинки атаандашы ирандык Мохаммадхади Сарави болмокчу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18