USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Париж −2024: Мээрим Жуманазарова чейрек финалга чыкты

20:39, 05 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында бүгүн, 5-августа күрөш боюнча мелдеш башталды.

68 килограммга чейинки салмак ченинде кыргызстандык  Мээрим Жуманазарова 1/8 финалдан баштады.

Ал монголиялык Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде жеңди.

Бүгүн 1/4 финалдык беттештер орун алат.

Эске сала кетсек, бүгүн кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков жеңиш менен баштады.

Олимпиада оюндарында Кыргызстандан жалпысынан 10 балбан күч сынашат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18