USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Максат Асаналиев беш облуска жаңы прокурорлорду дайындады

19:11, 05 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Башкы прокурор Максат Асаналиев беш облуска жаңы прокурорлорду дайындады. Бул тууралуу аталган көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, Азизбек Шүкүрбеков Чүй облусунун прокурору болуп дайындалды. Ал Башкы прокуратуранын кылмыш жана процессуалдык өндүрүш бөлүмүнүн башчысы болгон.

Эмирбек Каримов Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды. Ага чейин Чүй облусунун прокурору болуп иштеген.

Абай Молдокматов Баткен облусунун прокурору болду. Ал башкы прокурордун биринчи орун басары болгон.

Абдирашит Кубатидинов Нарын облусунун прокурору болуп дайындалды. Буга чейин ал Ош шаарынын прокурорунун орун басары болуп иштеп келген.

Мирбек Расулов ​​Талас облусунун прокурору болуп дайындалды. Ал башкы прокурордун орун Эмилбек Үркүнбаев Жаза аткаруу системасынын органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын басары болгон.

Эмилбек Үркүнбаев Жаза аткаруу системасынын органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокурор болуп дайындалды. Дайындалгандардын бардыгы коллективге тааныштырылып, алар өз милдеттерин аткара башташты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18