USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Балыкча шаарына инвесторлор 300 метрлик пристань курушту

11:04, 02 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Балыкчы шаарында 300 метрлик пристань курулду. Бул тууралуу Аскарбек Күрүчбеков социалдык тармактарда билдирди.

Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Уланбек Далиевдин айтымында, сейил бак жана пляж аймагы ички жана тышкы инвесторлор тарабынан 150 миллион сомго курулган. Бул үчүн аларга 6 гектар муниципалдык жер бөлүнгөн.

Пристандан тышкары инвесторлор шаардын пляжын жакшыртышып, 400 метрлик веложолду, балдар аянтчасын жана мейманкананы курушту.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18