USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүндөн тарта Бишкекте дагы бир автобус каттамы ачылды. Схема

10:39, 02 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында, бүгүн, 2-августтан тарта № 118 муниципалдык автобус каттамы иштеп баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, автобустун акыркы аялдамалары Бакай-Ата конушунда жана Жал айылында жайгашат. Күн сайын каттамга 25 бирдик автобус чыгат. Аралыгы 10 мүнөттү түзөт.

Белгилей кетсек, аталган автобус каттамы шаардыктардын кайрылууларынын негизинде ачылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18