USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Париж-2024: Эртең Печерских жана Сейитбек уулу күч сынашат

09:47, 02 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Эртең, 3-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында суучул Елизавета Печерских менен боксчу Мунарбек Сейитбек уулу мелдешке чыгат.

Елизавета Печерских сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыктагы жарышка эркин стилде катышат.

Ал эми боксчу Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг) Жамал Харви аттуу америкалык спортчу менен беттешет. Буга чейин кыргызстандык спортчу биринчи беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда кубалык Орта Родригес дель Рей Сайдель Иванды жеңип чейрек финалга чыккан.

3-августка жүгүртмө:

Елизавета Печерских (сууда сүзүү)

Саат 15:00 — эркин стилинде 50 метр аралыкка жарыш

Мунарбек Сейитбек уулу (бокс, 57 кг)

Саат 00:00 — 1/4 финал

Мунарбек Сейитбек уулу (Кыргызстан) — Жамал Харви (АКШ).

Белгилей кетсек, Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18