USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Париж −2024: Денис Петрашов жарым финалда 14 — орунга чыкты

09:38, 31 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 31-июлда кыргызстандык суучул Денис Петрашов Олимп оюндарынын 200 метрге брасс ыкмасында сүзүү жарышында финалга чыкпай калды.

Ал 200 метрди 2 мүнөт 10,19 секундада сүзүп өтүп, сегиз адамдан турган өз тайпасында жетинчи орунду ээледи. Ал эми жалпы тизмеде 14-сапка жайгашты.

Жалпысынан бул аралыкка 16 суучул катышып, эки топко бөлүнүп жарышты.

Эң мыкты жыйынтык көрсөткөн сегиз спортчу 1-августта боло турган финалга жолдомо алды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18